Азия оюндары −2026. Кыргызстандын волейболчу кыздары жубатуу беттешинде утулду
Волейбол боюнча Кыргызстандын аялдар курама командасы Японияда өтүп жаткан Азия оюндарындагы жубатуу матчында утулуп калды.

Буга чейин биздин спортчулар турнирдик таблицада андан ары жогорулоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, үч жолу катары менен жеңилүүгө дуушар болушкан. Кыргызстандыктар С тайпасында Таиланд, Монголия жана Кытай Тайбэйинин курама командалары менен ойноп, алардын баарында бирдей 0:3 эсебинде утулуп калышкан. Ошентип, алар тайпада акыркы орунду ээлешти.
Мелдештин регламентине ылайык, Кыргызстандын аялдар волейбол курамасы 9—14-орундар үчүн күрөшүүгө укук алган. Жубатуу матчында Непал курамасы менен кез келип, Кыргызстандын курамасы кайрадан 0:3 эсебинде жеңилүүгө дуушар болду. Волейбол боюнча өлкөнүн аялдар курама командасы үчүн бул биринчи Азиат оюндары болуп саналат.