Японияда XX Азия оюндары ачылды. Кыргызстандан 168 спортчу катышууда
Япониянын Нагоя шаарында XX жайкы Азия оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Кыргызстандын атынан спорттун 30 түрү боюнча жалпы 168 спортчу жана 58 машыктыруучу бар.
Азем «Мидзухо» стадионунда өттү. Оюндарды Япониянын императору Нарухито расмий түрдө ачык деп жарыялады. Көрүүчүлөргө музыкалык жана бий номерлери тартууланып, иш-чара Азиада отун жагуу менен аяктады.
Мелдеште Кыргызстандын намысын спорттун 30 түрү боюнча 168 спортчу коргойт. Делегациянын курамына ошондой эле 58 машыктыруучу жана жети дарыгер менен массажист кирген.
Эске салсак, Азия оюндарына жалпысынан 45 өлкөдөн жана региондон 11 миңге жакын спортчу катышууда. Программада спорттун 43 түрү бар, катышуучулар 469 медаль топтомун медалдарды өз ара бөлүшүшөт.
Мелдештер 4-октябрга чейин уланат.



