USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Минкаб башчысы каза болгон куткаруучу Аскар Казыбековдун үй-бүлөсүнө батир берди

16:10, 18 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин лейтенанты Аскар Казыбековдун жубайы менен жолугушту.

Адылбек Касымалиев курман болгон куткаруучунун жубайы Самара Равшан кызына жана анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, мамлекет анын үй-бүлөсүнө зарыл болгон колдоону көрсөтөрүн белгиледи.

Курман болгон кызматкердин жеке турак жайы жок болгондуктан, Аскар Казыбековдун үй-бүлөсүнө социалдык колдоо көрсөтүү максатында Бишкек шаарынан эки бөлмөлүү батир сатып алуу үчүн каржы каражаты бөлүндү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Адылбек Касымалиев курман болгон кызматкердин жубайына батирдин документтерин жана жаңы турак жайдын ачкычын тапшырды.

Эске салсак, лейтенант Аскар Казыбеков ӨКМге караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди жүргүзүү борборунун (Суучулдук кызмат) терең сууга түшүүчү куткаруучу-суучулдар станциясынын башчысы кызматын аркалап келген. 2026-жылдын 27-июнунда Талас облусунда издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү учурунда кызматтык милдетин аткарып жатып курман болгон.

Каза болгон куткаруучу Аскар Казыбеков

Президенттин жарлыгы менен лейтенант Аскар Казыбеков кызматтык милдетин аткаруу учурунда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн «Эрдик» ордени менен каза болгондон кийин сыйланган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18