USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

«Жаш булбул» республикалык айтыштын тандоо турунан 12 акын өттү

15:07, 18 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 18-сентябрда Кыргыз улуттук «Манас» театрында 30 жашка чейинки жаш төкмө акындардын арасында өтүп жаткан республикалык «Жаш булбул» айтышынын тандоо туру өткөрүлдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз улуттук «Манас» театры жана «Көйкашка» коомдук фонду тарабынан уюштурулду.

 

Тандоо туруна өлкөнүн ар аймактарынан келген жаш төкмө акындар катышып, төкмөлүк өнөрдөгү чеберчилигин, сөз тапкычтыгын жана импровизациялык дараметин көрсөтүштү.

Жаш таланттарды колдоого, кыргыздын төкмөлүк өнөрүн өнүктүрүүгө жана анын улантуучуларын кеңири коомчулукка таанытууга багытталган айтышта 12 акын финалдык турга жолдомо алды.

Тандоо турунан өткөн акындар:

1. Исаков Сыймык

2. Жайлообаева Касиет

3. Абдыкапарова Айдай

4. Макулбеков Байел

5. Темирбеков Ырыскелди

6. Султанжанова Фарида

7. Кулпеишов Актилек

8. Турсуналиев Зарылбек

9. Имерова Алия

10. Жакыпов Мажит

11. Адыл кызы Айжан

12. Темирали уулу Нурболот

Эми жаш төкмө акындар 26-сентябрда саат 14:00дө Асман паркынын амфитеатрында өтө турган финалдык айтышта күч сынашат.

«Жаш булбул» — кыргыздын төкмөлүк өнөрүнүн келечегин түптөөгө, жаш таланттардын чыгармачылыгын колдоого жана улуттук өнөрдү кийинки муунга жеткирүүгө багытталган маданий долбоор.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18