Ысык-Көлдө электр энергиясы толугу менен калыбына келтирилди
Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарына электр энергиясын берүү 17-сентябрда саат 22:24тө толугу менен калыбына келтирилди. Бул тууралуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКдан билдиришти.
Электр жарыгынын өчүшү саат 17:35те чыңалуусу 110 киловольт болгон «Чолпон-Ата — Ананьево» электр өткөрүү чубалгысындагы техникалык бузулуудан улам орун алган. Адистердин айтымында, № 134 түркүктөгү шлейф үзүлүп кеткен. Натыйжада Темир айылынан Барскоонго чейинки калктуу конуштар, ошондой эле облустун башка аймактары убактылуу жарыксыз калган.
Авариялык бригадалар электр энергиясын поэтаптуу түрдө калыбына келтирди. Темир айылы аймагында жарык саат 22:03тө, Түп районунда — 22:06да, Ак-Суу районунда жана Каракол шаарында — 22:10до күйгөн. Эң акыркы болуп, саат 22:24тө Жети-Өгүз району туташтырылган.
Учурда электр тармактары штаттык режимде иштеп жатат. Электр менен камсыздоо суроолору боюнча 105 акысыз номери аркылуу күнү-түнү кайрылууга болот.