19 секундда нокаут. UFC кыргызстандык Акбар Абдуллаевдин жеңишин жогору баалады
UFC президенти Дана Уайт «Dana White’s Contender Series» турниринде кыргызстандык Акбар Абдуллаевдин бразилиялык Эднилсон Сантосту жеңгенин жогору баалады.

«Бул соккунун үнү бейсбол битасы менен ургандай угулду. Мен тобокелге салып болсо да, сени акыркы 10 жыл ичиндеги бул шоунун эң чоң таланты деп айта алам. Сен чоң супержылдызга жана абдан олуттуу коркунучка айланасың деп ойлойм. Сенин кийинки беттешиңди чыдамсыздык менен күтөм. UFCге кош келдиң!» — деди ал.
Акбар Абдуллаев 28 жашта. Ал эрежесиз мушташ боюнча профессионалдуу боец катары дебютун 2020-жылы жасаган. Анын эсебинде жалпысынан 14 жеңиш бар жана бир дагы жолу жеңилген эмес.
Жеңиштүү беттештен кийин Дана Уайт кыргызстандык мушкерди UFCге чакырды.
Эскерте кетсек, Акбар Абдуллаев беттеш башталгандан болгону 19 секунд өткөндөн кийин атаандашы Эднилсон Сантосту нокаутка кетирген.