USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Urals маркасындагы мунайдын баасы баррелине 110 доллардан ашты

14:00, 18 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Орусиялык Urals маркасындагы мунайдын баасы баррелине 110 доллардан жогорулады. Бул соодагерлердин маалыматтарына таянган Reuters агенттигинин эсептөөлөрүнө шилтеме берүү менен MarineLink басылмасы билдиргендей, апрель айынан берки эң жогорку көрсөткүч болуп саналат.

Баалардын жогорулашы Жакынкы Чыгыштан жеткирүүлөргө байланыштуу кооптонуулардан улам орун алууда. Мунайдын өзүнүн баасы гана өспөстөн, Индия портторуна жеткирилген күйүүчү майга болгон кошумча төлөмдөр да Brent маркасына карата баррелине 8 долларга чейин жогорулады, бул май айынан берки эң жогорку деңгээл.

Бул абалды Перс булуңундагы өндүрүүчүлөрдүн мунай кайра иштетүүчү заводдор үчүн жеткирүүлөрүнүн азайышы менен түшүндүрүшүүдө.

Эскерте кетсек, өткөн жумада Brent маркасындагы мунайдын баасы июль айынын аягынан берки эң жогорку өсүштү көрсөткөн. 10-сентябрдын жыйынтыгы боюнча Brent мунайынын ноябрь айындагы фьючерсинин баасы 6,3 пайызга өсүп, баррелине 107,6 долларды түзгөн. Кийинки күнү, 11-сентябрда, баалар кайрадан баррелине 105 доллардан төмөн түшкөн.

Reuters агенттиги билдиргендей, эгерде жакынкы күндөрү Кызыл деңиздеги «Чыгыш — Батыш» мунай куурунун иши калыбына келбесе, Саудия Арабиясы экспорт үчүн мунай кору түгөнүп калуу коркунучунда турат.

Мунай куурунун иши учкучсуз учуучу аппараттардын (дрондордун) чабуулунан кийин токтотулган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18