USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкекте 1,5 килограмм баңгизат менен шектүү кармалды

12:48, 18 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарында баңгизаттарды «жашыруун жайлар» аркылуу тараткан деп шектелген 1989-жылы туулган эркек киши кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Кармалган жарандын үйүндө тинтүү жүргүзүү учурунда укук коргоо кызматкерлери 1,5 килограмм «Альфа-PVP» синттетикалык баңгизатын жана 4 грамм гашиш табышкан.

Учурда милиция кызматкерлери тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө. Иштин чоо-жайы жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар болушу мүмкүн болгон башка адамдар аныкталууда. Тергөөнүн жыйынтыгы менен кармалган жарандын аракеттерине укуктук баа берилет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18