Балыкчыда Кыргыз-орус Абадан коргонуу күчтөрүнүн штабдык машыгуусу аяктады
Балыкчыдагы «Эдельвейс» окуу-машыгуу борборунда Кыргызстан менен Россиянын бирдиктүү регионалдык абадан коргонуу системасынын нөөмөттүк күчтөрүнүн штабдык машыгуусу жыйынтыкталды. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
Катышуучулар бекитилген планга ылайык башкаруу органдарынын жана Абадан коргонуу күчтөрүнүн нөөмөттүк топторунун өз ара аракеттенүүсүн иштеп чыгышты. 18-сентябрда алар машыгуунун жыйынтыгын чыгарып, биргелешкен жумушту кантип жакшыртуу керектигин талкуулашты.
Билдирүүдө машыгуунун конкреттүү сценарийлери жана жыйынтыктары келтирилген эмес.



