Кореяда иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку төлөмдөрдү алышууда
Түштүк Кореяда расмий түрдө эмгектенип, айлык акысынан пенсиялык төгүмдөр кармалган Кыргыз Республикасынын жарандары мекенине кайтып келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алышууда.
Социалдык фонддон билдиришкендей, бүгүнкү күндө Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтоолордун бир жолку төлөмүн алуу үчүн 151 адам кайрылган. Алардын ичинен 126 жаранга төлөмдөр чектелип, төлөнүп берилди, ал эми 25 адам чечимди күтүүдө.
Бир жолку төлөмдүн орточо өлчөмү 3 миң 789 долларды түздү.