Кыргызстанда грек жаңгагы үчүн «Кыргыз Жангак» бренди жана улуттук маркетингдик план иштелип чыгып, кароого сунушталды.
Документ акыркы этапта бекитилгенден кийин продукцияны ушул жаңы бренд менен сырткы базарларга чыгаруу пландалууда.
Демилгенин максаты жана негизги багыттары:
Максат — жаңгактын биологиялык түрүн өзгөртүү эмес, Кыргызстан аймагынан чыккан продукцияны соодада өз өлкөсүнүн аты менен экспортко чыгаруу.
2025-жылдын июнь айында БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) колдоосу менен Айыл чарба министрлиги атайын жумушчу топ түзгөн. Ага мамлекеттик органдар, өндүрүүчүлөр жана маркетологдор кирген.
Жапайы өскөн жаңгакты жайылтуу стратегиясы, фирмалык стили, экологиялык таңгак, санарип платформа жана брендди укуктук жактан коргоо каралууда. Жалал-Абад облусундагы реликтүү токойлордон жыйналган жаңгакка өзгөчө көңүл бурулуп, ага буга чейин «Арстанбап жаңгагы» географиялык көрсөткүчү катталган.
Стандартташтыруу органдары грек жаңгагына тиешелүү азыркы стандарттар продукциянын белгилүү бир аймакка тиешелүү өзгөчөлүктөрүн толук чагылдырбай жатканын белгилешкен. Азырынча кайсы мамлекеттерге биринчи болуп экспорттолору жана маркетингдик план качан толук бекитилери айтыла элек.