USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Министрлер кабинети республикалык бюджетти даярдоо тартибин өзгөрттү

10:42, 18 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинети республикалык бюджетти даярдоо тартибин тактап, бюджеттик процесстин негизги этаптарынын мөөнөттөрүн белгиледи. Аталган өзгөртүүлөр программалык бюджеттөө жана бюджеттик ачыктык тууралуу токтомго киргизилди.

Бюджетти бекитүүнүн жаңы мөөнөттөрү:

25-декабрга чейин: Каржы министрлиги бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү менен пикир келишпестиктер боюнча жумушчу кеңешмелерди өткөрөт.

31-июлга чейин: Ведомство фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоорун даярдашы керек.

10-августка чейин: Долбоор Минкабдын фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин кароосуна сунушталат.

15-сентябрга чейин: Кийинки жылга жана пландаштырылган мезгилге республикалык бюджеттин долбоору коомдук бюджеттик угуулардан кийин Министрлер кабинетине жөнөтүлөт.

Башка өзгөртүүлөр:

Фискалдык саясаттын негизги багыттары бекитилгенден кийин Каржы министрлигинин сайтына 5 жумушчу күндүн ичинде жарыяланышы шарт.

Токтом программалык принцип боюнча бюджетти кимдер түзөрүн тактайт — булар атайын тизмеге киргизилген каражаттардын башкы тескөөчүлөрү болот. Калган тескөөчүлөрдүн чыгымдары программалык эмес катары белгиленген тартипте чагылдырылат.

Токтом расмий жарыялангандан кийин жети күн өткөндөн соң күчүнө кирет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18