USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Дарыгерлерге кошумча төлөмдөр өлкөнүн дээрлик бардык аймактарына ишке ашууда

10:27, 18 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабиентинин токтомуна ылайык, 2026-жылдын 1-январынан тартып Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо, өлкөнүн калктуу конуштарында тартыш адистиктеги дарыгерлерге компенсациялык төлөмдөр каралган.

Төлөмдөрдүн шарттары жана өлчөмү:

Адистиктер: Педиатрлар, неонатологдор, жалпы хирургдар жана анестезиолог-реаниматологдор.

Төлөмдүн өлчөмү: 22 миң 222 сом 50 тыйын (бир ставкадан ашпаган негизги кызматы үчүн).

Дарыгер Саламаттыкты сактоо министрлиги бекиткен реестрге кирген саламаттыкты сактоо уюмунда негизги кызматта иштеп, тиешелүү келишим түзүшү керек.

2025-жылдын аягына чейин мындай төлөмдөр шаарлардан алыс жайгашкан аймактарда, чакан шаарларда жана айыл жеринде иштегендерге гана берилсе, жаңы токтом анын аймагын кеңейтти.

Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары жерде дипломдон кийинки даярдыктан өтүп жаткан клиникалык ординаторлор жана дарыгер-интерндер үчүн 20 миң сом стипендия каралган. Ал кийин жер-жерлерде иштөө милдети салынган келишимдин негизинде төлөнөт.

Бишкек жана Ош шаарларынын тез жардам дарыгерлерине өзгөчө эмгек шарттары үчүн 22 миң 222 сом 50 тыйын компенсация каралган (бул төлөм 2024-жылдын 1-июлунан тарта белгиленген).

Жаңы токтом расмий жарыяланууга тийиш жана анын аракети 2024-жылдын 1-июлунан берки мамилелерге карата жайылтылат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18