Бүгүн Орусияда Мамлекеттик Думанын депутаттарын үч күндүк шайлоо башталды
Орусияда Мамлекеттик Думанын депутаттарын үч күндүк шайлоо башталды. Довуш берүү 18-сентябрдан 20-сентябрга чейин өтөт.

Шайлоонун негизги эрежелери жана көрсөткүчтөрү:
Парламенттин курамы: Жарандар Орусия Мамлекеттик Думасынын 450 депутатын шайлашат. Алардын тең жарымы партиялык тизме боюнча, ал эми калган жарымы бир мандаттуу округдар аркылуу шайланат.
Партиялардын катышуусу: Федералдык округ боюнча шайлоого 10 саясий партия катышууда. «Яблоко» саясий уюму парламентке талапкерлигин көрсөтүү укугунан ажыратылган.
Иштөө тартиби: Аймактардагы шайлоо тилкелери үч күн бою жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дөн 20:00гө чейин ачык болот. Биринчилерден болуп добуш берүү камчаткада жана Чукоткада башталды.
Өзгөчөлүктөрү:
Мамлекеттик Думага шайлоодо биринчи жолу 2022-жылы Орусиянын курамына киргизилген ДНР, ЛНР, Запорожье жана Херсон облустарынын тургундары добуш беришүүдө.
Ушул аймактардын жашоочулары, ошондой эле атууга көп дуушар болгон бир катар региондордун шайлоочулары үчүн мөөнөтүнөн мурда добуш берүү мүмкүнчүлүгү каралган.
Шайлоо бюллетенине кирген партиялар:
Тизме боюнча добуш берүү бюллетенине «Единая Россия», ЛДПР, «Партия прямой демократии», «Зеленые», «Справедливая Россия», «Родина», КПРФ, «Партия пенсионеров», «Коммунисты России» жана «Новые люди» киргизилген.