Барпы атындагы Жалал-Абад драма театры 35-театралдык сезонун ачат
Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театры 35-театралдык сезонун ачат.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы сезон Кыргыз эл баатыры, драматург Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгына арналат.
Сезондун ачылышынын алкагында көрүүчүлөргө үч спектакль тартууланат.
22-сентябрда саат 18:00дө Бексултан Жакиевдин «Күттүргөн жаз да келер» драмасы коюлат. Спектаклди Эл артисти Бакыт Жумалиев режиссёрлук кылат.
23-сентябрда саат 14:00дө Эл жазуучусу Мар Байжиевдин «Он экинчи күн» комедиясы көрсөтүлөт. Ал дагы режиссёр Бакыт Жумалиевге таандык.
Ал эми 25-сентябрда саат 18:00дө француз драматургу Жан Коктонун «Менин сүйгөнүм бар» психологиялык драмасы тартууланат. Спектаклдин режиссёру — Акылбек Мамажан уулу.
Спектаклдер Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрында өтөт