Бишкектеги «Манас» кинотеатрында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына, мамлекеттүүлүктүн түптөөчүсү Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдыгына жана Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган «Жусуп» тарыхый-көркөм тасмасынын улуттук бет ачары болуп өттү.
Тарыхый-көркөм тасма Садыр Жапаровдун демилгеси менен тартылып, анда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салым кошкон Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолу жана тарыхый ишмердүүлүгү баяндалат.
Бет ачарга минкаб төрагасынын орун басары Улан Маматканов, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмер Роза Айтматова, маданият министринин орун басары Айбек Дайырбеков, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият жана кино тармагынын өкүлдөрү, тасманын чыгармачыл тобу катышты.
Бет ачардын жүрүшүндө тасманын жаратуучулары тааныштырылып, ошондой эле Жусуп Абдрахмановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү тарыхый орду жана анын өмүр жолу менен мурасын кийинки муундарга өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

