USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстанда соңку суткада үчүнчү жер титирөө катталды

12:10, 17 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда соңку суткада үчүнчү жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү болжол менен 3 баллга жеткен. Жер алдындагы силкинүүлөр саат 10.23тө байкалган.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында: Кара-Көл шаарынан 1 чакырым түштүктө, Кара-Көл айылынан 8 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.Силкинүүнүн күчү Кара-Көл шаарында жана Кара-Көл айылында 3 баллды түздү.

Эске салсак, буга чейин сейсмологдор бүгүн өлкөдө болгон дагы эки жер титирөө тууралуу кабарлашкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18