Бүгүн, 17-сентябрда Шаардык перинаталдык борбордо кесарево жолу менен үч эм жарык дүйнөгө келди.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунун маалыматы боюнча, борбор калаанын 26 жаштагы тургуну борборго 28-августта мөөнөтүнөн мурда төрөө коркунучу, анемия жана шишик менен түшкөн. Бул анын үчүнчү төрөтү.

Үч эркек бала кош бойлуулуктун 36-жумасында төрөлдү. Төрөлгөн ымыркайлардын салмагы 2 миң 750, 2 миң 600 жана 2 миң 750 граммды түздү. Эненин жана жаңы төрөлгөн ымыркайлардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.