USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Европадагы эң улгайган абышка 112 жашында дүйнө салды

11:24, 17 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Европанын эң улгайган абышка 112 жашында каза болгонун DW билдирет.

Витантонио Ловалло Италиянын түштүгүндөгү Авильяно шаарчасында жашаган. Ал Биринчи дүйнөлүк согуш башталардан бир аз мурда — 1914-жылдын мартында туулган.

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Италия армиясында кызмат өтөп, ММКлардын маалыматына караганда, 1943-1945-жылдары немис туткунунда болгон.

Витантонио Ловалло өмүр бою жүзүм өстүрүп, кой баккан. Анын төрт баласы бар, ал эми жубайы бир катар айлар мурда көз жумган. Авильянонун мэри Джузеппе Мекка социалдык тармактарга Ловаллонун кетиши менен шаар «өз тарыхынын бир бөлүгүн жоготконун» жазды.

Басылма эми Европанын эң кары эркеги 111 жаштагы португалиялык Жоаким Варела болуп калгандыгын жазды. Ошол эле учурда континентте андан улуу 31 аял жашайт. Алардын арасындагы рекордсмен — 117 жаштагы британиялык Этель Катерхэм.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18