USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Дүйнөлүк атактуу ырчы Akon Бишкекке учуп келди

10:25, 17 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Белгилүү ырчы Akon алдыдагы концертке катышуу үчүн Бишкекке учуп келди.

«Манас» эл аралык аэропортунан артистти кыргыз каада-салты менен тосуп алышты. Улуттук кийимчен кыздар ага каймак менен боорсок сунуштап, тосуп алуу аземи жандуу улуттук музыка менен коштолду.

18-сентябрда Akon «Бишкек Аренада» өнөрүн тартуулайт. Аны менен бирге сахнага америкалык аткаруучулар Ne-Yo жана Busta Rhymes чыгышат.

Akon — сенегал-америкалык ырчы, ырлардын автору жана продюсер. Ал дүйнөлүк атакка 2000-жылдардын ортосунда Lonely жана Locked Up хиттеринин аркасында ээ болгон. Артисттин башка популярдуу композицияларынын арасында Smack That, Don’t Matter, Beautiful жана Right Now (Na Na Na) ырлары бар.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18