USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бишкекте 95 даана жаңы автобустар каттамга чыкты

10:05, 17 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте кондиционери бар жаңы 95 даана 12 метрлик YUTONG автобустары шаардык каттамдарга этап-этабы менен чыгарыла баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бүгүн эртең менен линияга 17 жаңы автобус чыкты. Алар № 153 каттам боюнча жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтө башташты.

Мурда бул каттамда жүргөн транспорттор шаардын башка багыттарына кайра бөлүштүрүлдү. Калган 78 YUTONG унаасы бара-бара каттамдарга чыгарылып, ар кандай багыттар боюнча бөлүнөт.

Мэрия жаңы автобустар шаар көчөлөрүндөгү заманбап транспорттун санын көбөйтүп, сапарларды комфорттуураак кыларын жана жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын жогорулатышы керектигин белгиледи.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18