USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Биринчи жарым жылдыкта Орусиядан 100 миңге жакын мигрант депортацияланды

09:21, 17 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Быйыл биринчи жарым жылдыкта Орусиядан 100 миңге чукул мигрант депортацияланды. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин билдирген.

Ал ошондой эле дагы 200 миң чет элдик жаран үчүн Орусияга кирүүгө тыюу салынганын кошумчалады. Мамдуманын төрагасынын айтымында, 800 миңге жакын мигрант көзөмөлдөнүүчү жактардын реестрине киргизилген.

 

Ал бул көрсөткүчтөрдү Орусиядагы мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүгө багытталган жаңы механизмдер менен байланыштырды.

Эске салсак, сентябрь айында Орусияда миграциялык саясатты өркүндөтүүчү федералдык мыйзам күчүнө кирген. Документке ылайык, мигранттар эми медициналык кароодон 90 күндүн ордуна 30 күндүн ичинде өтүшү керек. Бул коркунучтуу инфекция аныкталган учурда чет элдик жаранды тез арада депортациялоого мүмкүндүк берет.

Ошондой эле айланадагылар үчүн коркунуч туудурган оорулардын жоктугу тууралуу документтерди жасалмалоо жана жүгүртүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги катаалдаштырылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18