USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бүгүн Сейсмология институту Кыргызстанда эки жер титирөөнү каттады

08:12, 17 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 17-сентябрда Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту Кыргызстандын аймагында эки жер титирөөнү каттады.

Адегенде 3 баллга жеткен биринчи силкинүү саат 2:49да катталган. Жер титирөөнүн очогу Кыргыз Республикасынын аймагында, Чаткал кырка тоосунун аймагында — Кашка-Суу айылынан айылча 18 чакырым түндүк-батышта, Таш-Көмүр шаарынан 70 чакырым түндүк-батышта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Кашка-Суу айылында 2,5 балл, Кызыл-Капчыгай, Ит-Агар, Жаңы-Талап, Согот айылдарында 2 баллга жеткен.

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, күчү 3 баллга жеткен экинчи жер титирөө бүгүн саат 6:39да болгон.

Анын очогу да Кыргызстандын аймагында — Кара-Булак айылынан 3 чакырым түштүктө, Орто-Сырт айылынан 5 чакырым чыгышта, Нарын шаарынан 75 чакырым түштүк-батышта орун алган.

Жер титирөөнүн күчү Кара-Булак жана Орто-Сырт айылдарында 3 балл, Терек, Ак-Бейит айылдарында 2 баллды түзгөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18