Жылытуудан 30 миң сомдон ашык үнөмдөө: Көмүрдүн ордуна жылуулук насосу
Суук түшүп келе жаткандыктан, жеке үйлөрдүн ээлери кышка даярдыкты алдын ала көрүшү керек. Суроо-талап өскөн мезгилде көмүр кымбатташы мүмкүн. Ал эми аны сатып алуу жана жеткирүү кошумча чыгымдарды талап кылат. Жылуулук насосу кыйла экологиялык жана үнөмдүү чечим болушу мүмкүн. Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары аны Финансы министрлигинин «Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу» долбоорунун алкагында иштеп жаткан мамлекеттик жеңилдетилген насыялык линия аркылуу орното алышат.
Насыянын шарттары:
- Суммасы: 1 миллион сомго чейин.
- Пайыздык чен: жылына 6 пайыз.
- Мөөнөтү: беш жылга чейин.
Насыяны «АБанк» ААК, «Элдик Банк» ААК жана «Бакай Банк» ААК аркылуу тариздөөгө болот.
Жылуулук насосу көмүрдөн, күлдөн жана мешти күн сайын жагуудан баш тартууга, ошондой эле чыгымдарды олуттуу кыскартууга мүмкүндүк берет.
Түшүнүктүү болушу үчүн аянты 100 чарчы метрди түзгөн үйдү 150 күнгө созулган бир жылытуу сезонунда кете турган болжолдуу чыгымдарды салыштырып көрөлү:
- Жылуулук насосу: 8 миң сомго жакын.
- Көмүр менен жылытуу: 32 миң 500 сомго жакын.
- Кадимки электр менен жылытуу: 39 миң сомго жакын.
- Газ менен жылытуу: 40 миң 906 сом.
Ошентип, жылуулук насосу бир жылытуу сезонунда болжол менен 24 миң 500дөн 32 миң 900 сомго чейин үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Эсептөөлөр болжолдуу болуп саналат. Иш жүзүндөгү чыгымдар үйдүн жылуулук изоляциясына, аба ырайынын шарттарына жана жабдуулардын мүнөздөмөлөрүнө жараша айырмаланышы мүмкүн.
Суук түшкөнгө чейин системаны орнотуп жетишүү үчүн программага катышкан банктардын бирине алдын ала кайрылып, насыя алуу талаптарын тактап алуу сунушталат.