USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

«Кыргызфармацияга» 650 миллион сомго дары-дармек сактоочу кампа курулат

14:15, 16 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Кабинет министрлеринин төрагасы Адылбек Касымалиев «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын заманбап фармацевтикалык кампадагы логистикалык комплексинин курулушуна капсула салуу аземине катышты.

Кабминден билдиришкендей, комплекстин курулушу өлкөнүн дары-дармек коопсуздугун чыңдайт.

«Дары-дармектерди сатып алуу — бул иштин жарымы гана. Аларды туура сактоо, өз убагында жеткирүү жана өлкөнүн каалаган жеринде бейтаптар үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу — бул өзүнчө бир бүтүн система. Биздин республикада мындай деңгээлдеги мамлекеттик фармацевтикалык логистикалык комплекс биринчи жолу курулууда. Эл аралык талаптарга жооп берген өздүк логистикалык базанын болушу дары-дармек чыгарган ири өндүрүүчүлөр менен түз жана узак мөөнөттүү кызматташууга мүмкүнчүлүк ачат. Биздин багытыбыз айкын: ортомчулардын санын кыскартуу жана мүмкүнчүлүккө жараша өндүрүүчүгө түз чыгуу», — деди Адылбек Касымалиев.

Ал белгилегендей, 2021-жылы саламаттыкты сактоо тармагына 26 миллиард сом бөлүнсө, 2026-жылы 69,9 миллиард сом каралган. Дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды каржылоого 2021-жылы 100 миллион сом бөлүнсө, 2026-жылы 6,8 миллиард сом каралууда.

Кабмин төрагасынын маалыматы боюнча, фармацевтикалык кампадагы логистикалык комплекстин курулушуна Турукташтыруу фондунан 650 миллион сом бөлүндү. Комплекс жалпы аянты 7,1 гектарды түзгөн жер тилкесине курулат.

Эске салсак, «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы 2023-жылы өлкө боюнча мамлекеттик ооруканаларды ачык-айкын борборлоштурулган сатып алуулар жана дары-дармектер, медициналык буюмдар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында түзүлгөн. Бирок бейтаптар көйгөйлөр тууралуу бир эмес, бир нече ирет билдиришкен.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18