ЖКда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык комитетин түзүү сунушталды
Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык комитетин түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал 16-сентябрда парламенттин жыйынында билдирди.
Депутаттын айтымында, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын визиттик карточкаларынын бирине айланып, эл аралык коомчулуктун өлкөгө болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү.
«Муну мен Өзбекстанда өткөн жаш парламентарийлердин съездинде сездим. Ал жакта биз тууралуу абдан жакшы сөздөрдү айтышты», — деп белгиледи Муратбеков.
Ал дүйнөдө Эл аралык олимпиадалык комитет бар экенин эске салып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн да ушундай эле эл аралык түзүмдү — түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын визиттик карточкасы болгондуктан, муну унутууга болбойт. Тиешелүү ведомстволор бул маселе боюнча иш алып барышы керек», — деди депутат.
Анын пикиринде, эл аралык комитеттин түзүлүшү көчмөн элдердин тарыхын, маданиятын жана улуттук спорт түрлөрүн дүйнөгө системалуу түрдө жайылтууга мүмкүндүк берет.
Эске салсак, 1-сентябрдан 7-сентябрга чейин Кыргызстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болуп өткөн.