Коопсуздук көйгөйү: Депутат мектептердеги көмүр сапатын текшерүүнү талап кылды
Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков көмүрдүн түтөп, өзүнөн-өзү күйүп кеткен учурлары аныкталгандан кийин мектептерге берилип жаткан көмүрдүн сапатын шашылыш текшерүүгө чакырды. Бул тууралуу ал 16-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Депутаттын айтымында, аймактарды кыдыруу учурунда ал алдыдагы жылуулук берүү сезонуна карата көмүр ташылып келинген айрым мектептердеги кырдаалга көңүл бурган.
«Бул көмүрдүн сапатынын начардыгынанбы же башка себептерденби, белгисиз. Бирок бул коопсуздук маселеси, ага олуттуу көңүл буруу керек», — деди Муратбеков.
Ал күйүүчү майдын сапатын тезинен лабораториялык изилдөөдөн өткөрүүнү жана кооптуу болушу мүмкүн болгон көмүрдү мектептерге жеткирбөөнү сунуштады.
Депутат белгилегендей, учурда мектеп кызматкерлери көмүрдүн түтөгөнүн өз алдынча өчүрүүгө аракет кылып жатышат — аны сыртка чыгаргандар же суу сепкендер бар.
«Көмүрдү сыртка чыгарганда ал андан бетер күчөп күйүп, тегеректин баары түтүнгө толгон учурлар бар. Башка жерлерде ага суу куюп жатышат, бирок ичинде реакция уланып, көмүр кайрадан күйө баштайт», — деди ал.
Муратбеков жылуулук берүү сезону башталганга чейин болуп жаткан окуялардын себептерин аныктоо зарылдыгын баса белгиледи.
«Эгерде бул табигый, кадимки көрүнүш болсо, анда мындай учурларда кандай аракет көрүү керектиги тууралуу мектептерге так инструкцияларды берүү зарыл», — деди депутат.
Ал тиешелүү органдарды жеткирилип жаткан күйүүчү майдын сапатын жана коопсуздугун текшерип, зарыл чараларды көрүүгө чакырды.