Пайдалуу кеңеш: Алманы күздөн жазга чейин кантип сактоо керек?
«Москва багбандар союзу» коомдук уюмунун төрагасы, эксперт Андрей Туманов aif.ru сайтына берген эксклюзивдүү маегинде алмаларды кышка чейин сактоонун сырлары менен бөлүштү.
Анын айтымында, түшүмдү мүмкүн болушунча узак сактоо үчүн эң биринчи кезекте кышкы алма сортторуна көңүл буруу керек.
«Мисалы, ошол эле «Синап Орловский» — орто тилкеде сактоого коюлган эң кеңири тараган алма. Ал эч кандай көйгөйсүз март айына чейин чыдайт. Кээде андан да көп сакталып калат. Орусиянын айрым аймактарында «Антоновка» да кышкы сорт болуп, сакталышы мүмкүн, бирок ал Жаңы жылдан ашык эч качан чыдабайт», — деп белгиледи Туманов.

Муну менен катар алма сактала турган аймакты да эске алуу маанилүү.
«Ар кандай аймактарда сорттор ар кандай сакталат. Айталы, бизде кышкы болуп саналган кандайдыр бир сорт Краснодар крайында күзгү сорт болуп калышы мүмкүн, түшүнүп жатасызбы?» — деп түшүндүрдү Туманов.
Эксперт сөзүн улап, жайкы сорттор таптакыр сактоого жарабай турганын айтты.
«Жайкы сорттор таптакыр сакталбайт. Алар жегенге, кайра иштетүүгө, ширеге кетет. Күзгү сорттор — бир-эки ай турушу мүмкүн, бирок баары бир алар узак сактоого арналган эмес», — деп баса белгиледи багбан.
Кышкы сортторго келсек, Тумановдун айтымында, дал ушуларды көбүрөөк отургузуу сунушталат. «Эгерде, айталы, 7 түп алма дарагы отургузулса, алардын 4-5и — кышкы сорттор, ал эми калганы — 2 күзгү жана 1 жайкы сорт болот. Эмне үчүн? Анткени кышкы алма сизди бир нече ай багат. Күзгү сорт — бир айдай, жайкы сорт — бир айга жетпеген убакыт гана жетет», — деп түшүндүрдү багбан.
Анын айтымында, алманы сактоо үчүн алдын алуу чаралары зарыл.
«Анткени паршага туруштук бере турган сорттор болгону менен, монилиозго жана башка мөмө чириктерине туруштук бере турган сорттор жок. Ооруларга каршы туруу — бул топтук, комплекстүү иш, анткени ал жаз алды менен фунгициддер аркылуу алдын ала дарылоодон башталат. Бул — көлөкө түшпөшү үчүн бакты туура бутоо. Бул — туура сугаруу, кыртыштын атайын нымдуулугун кармоо жана туура азыктандыруу, анткени дени сак дарак грибок ооруларына жакшыраак туруштук берет», — деп түшүндүрдү Туманов.