USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Садыр Жапаров жана биринчи айым Сеулдагы Улуттук мемориалга гүл койду

10:15, 16 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова 16-сентябрда Корея Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Сеул шаарындагы Улуттук мемориалга барып, мемориалга гүл коюу аземине катышты.

Мамлекет башчысы анда Кореянын көз карандысыздыгы үчүн курман болгон баатырлардын элесине таазим этип, ардактуу коноктор китебине эстелик жазуу калтырды.

Сапардын алкагында президент Кореянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле ал «Борбор Азия — Корея Республикасы» биринчи саммитине катышат.

Мындан тышкары президент бизнес-саммиттин атайын сессиясына катышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18