«АБанк» 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарды
«АБанк» 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Отчеттук мезгил ичинде банк туруктуу өсүш динамикасын сактап, өнүмдөрүн жана кызматтарын өнүктүрүүнү улантты, ички процесстердин натыйжалуулугун жогорулатты жана каржы рыногундагы позициясын бекемдеди.
2026-жылдын 1-июлуна карата «АБанктын» активдери 271,08 миллиард сомду, ал эми ФКМ жана Мурабаха каржылоосун кошкондо кредиттик портфелдин жалпы көлөмү (брутто) 109,25 миллиард сомду түздү. Депозиттик портфелдин көлөмү 166,54 миллиард сомго, уставдык капитал 79,77 млрд сомго жетсе, банктын таза пайдасы 3,02 миллиард сомду түздү.
Бул көрсөткүчтөр банктын финансылык жыйынтыктарын гана эмес, кардарлардын ишеним деңгээлин, бизнестин туруктуулугун жана «АБанктын» командасынын ишинин натыйжалуулугун да чагылдырат.
Жетишилген жыйынтыктардын маанилүү факторлорунун бири — борбордук аппарат менен филиалдык тармактын өз ара тыгыз жана натыйжалуу кызматташуусу болду. Кыргызстандын бардык аймактарындагы банктын жетекчилери жана кызматкерлери тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, өнүмдөрдү өнүктүрүү жана милдеттерди ыкчам чечүү багытында иш алып барууну улантышты.
Жылдын экинчи жарымында «АБанк» өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча — банктык өнүмдөрдү өркүндөтүү, санариптештирүү жана кардарларды тейлөөнүн сапатын жогорулатуу боюнча ишин улантат.
Жаңы санариптик чечимдерди киргизүүгө жана учурдагы сервистерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Негизги милдет — Кыргызстандын бардык аймактарындагы кардарлар үчүн банктык кызматтарды дагы да ыңгайлуу, түшүнүктүү жана жеткиликтүү кылуу.
«АБанкта» санариптештирүү биринчи кезекте кардарлардын тажрыйбасын жакшыртуунун куралы катары каралат: технологиялар кардарларга убакытты үнөмдөөгө, финансылык маселелерди тезирээк чечүүгө жана керектүү кызматтарды мүмкүн болушунча жөнөкөй жана ыңгайлуу түрдө алууга жардам берүүгө тийиш.
Банк кардарларына көрсөткөн ишеними үчүн ыраазычылык билдирет жана заманбап финансылык чечимдерди ырааттуу өнүктүрүүнү улантат. Ошол эле учурда өз ишинин негизги багыттарын — сапат, ишенимдүүлүк жана тейлөөнүн ыңгайлуулугун сактап калат.
«АБанк» — сизге жакын.