USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

АКШнын мунай компаниялары дүйнөлүк күйүүчү май каатчылыгы башталганын жарыялады

09:18, 16 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Америкалык мунай компанияларынын жетекчилери мурда эскерткен дүйнөлүк күйүүчү май каатчылыгы эбак эле башталды деп жазат The Wall Street Journal. Бул кырдаал Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун курчушунан улам келип чыкты.

«Мунай компанияларынын жетекчилери күйүүчү май каатчылыгы эбак эле башталганын билдиришүүдө», — деп айтылат макалада.

Дүйнө жүзү боюнча күйүүчү майдын коммерциялык кору жарым жылдан ашык убакыттан бери түгөнүп жатканы, ал эми мунайдын стратегикалык резервдерин колдонуу мүмкүнчүлүктөрү дээрлик түгөнгөнү белгиленген. Энергетика тармагындагы эксперттер Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын аякташынан үмүт жок болгондуктан, кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетүү коркунучу бар экенин эскертишти.

WSJ басылмасынын маалыматы боюнча, бир айдын ичинде АКШда дизель майы болжол менен 14 пайызга кымбаттап, рекордук көрсөткүчкө — бир галлону 6,23 долларга жетти, ал эми бир жыл ичинде 60 пайыздан ашык кымбаттады. Бензиндин баасы 4,32 долларга чейин көтөрүлдү.

Америкалык мунай акыркы үч жумада 19 пайызга кымбаттап, бир баррели 101 долларга жакындады.

Кырдаалды Иран менен уланып жаткан жаңжал, мунай ташыган кемелерге жана инфраструктурага жасалган чабуулдар, ошондой эле Кытайдын өз запастарын колдонгондон кийин мунай сатып алууну көбөйткөнү андан бетер оорлоштурду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18