Бишкекте Осмонкул көчөсүндө жеке турак үйдө өрт чыкты
09:03, 16 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Осмонкул көчөсүндө жайгашкан жеке турак үй өрттөндү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өрттү өчүрүүгө саат 6:00дө беш өрт өчүрүүчү эсеп жана штаб тартылган. Өрт саат 6:55те чектөөгө алынды.
Өрттүн келип чыгуу себептери азырынча кабарлана элек.