USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

УЕФАнын Суперкубогу тарыхта биринчи жолу Казакстанда өтөт

07:45, 16 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

2028-жылдагы УЕФАнын Суперкубогу үчүн беттеш Астанада өтөт. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Бул чечим Европа футбол ассоциациялар союзунун (УЕФА) Салоникиде өткөн аткаруу комитетинин жыйынында кабыл алынды.

Оюн «Астана Аренада» өтүп, ага 2027/28-жылкы сезондогу Чемпиондор Лигасы менен Европа Лигасынын жеңүүчүлөрү катышат. 2027-жылы УЕФАнын Суперкубогу үчүн оюн Амстердамдагы «Йохан Кройф Аренада» өтөт.

Казакстан европалык клубдук турнирдин кубогу үчүн беттешти биринчи жолу кабыл алат.

«Астана Арена» 2009-жылы ачылган, стадиондун сыйымдуулугу 30,2 миң адамды түзөт. Арена «Астана» клубу жана Казакстан курама командасы үчүн үй стадиону болуп саналат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18