USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Түштүк Кореяга барды

20:39, 15 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Корея Республикасына келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сеул шаарынын аэропортунан мамлекет башчысын Кореянын климат, энергетика жана экология биринчи вице-министри Ким Хан Сын жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна Кыргызстандын жана Кореянын мамлекеттик туулары илинип, кызыл килем төшөлүп, ардак кароол тизилген.

Сапардын алкагында мамлекет башчысынын Кореянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган. Ошондой эле президент Садыр Жапаров «Борбор Азия + Корея Республикасы» биринчи саммитине катышат.

Мындан тышкары мамлекет башчысы бизнес саммиттин атайын сессиясына катышмакчы.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18