USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Корея жана Кыргызстан: Өнүктүрүү кызматташтыктан ар тараптуу өнөктөштүккө чейин

10:00, 16 сентября 2026, Бишкек - 24.kg
Нурзада ТЫНАЕВА

Соңку жылдары Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы карым-катнаш сапат жагынан жаңы деңгээлге чыкты. 2024-жылдын декабрь айында эки өлкө өз ара мамилелерин «ар тараптуу өнөктөштүк» деңгээлине көтөрдү. Бул жагдай өнүгүүгө көмөктөшүү жана гуманитардык алмашуулардан тартып соода, инвестиция, санариптик трансформация, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана башка өз ара пайдалуу тармактар боюча кызматташуу кеңейгенин тастыктайт.

Эки өлкөнүн кызматташтыгы

«Борбор Азияга карата саясаттын алкагында Кыргызстан Кореянын маанилүү өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат», — дейт республиканын элчиси Ким Квангдже 24.kg сайтына курган маегинде.

Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ким Квангдже

Элчинин айтымында, Кыргызстандын Борбор Азиянын так ортосунда орун алышы жана ЕАЭБге мүчөлүгү чөлкөмдөгү базарларды бириктирүү үчүн чоң потенциалды ачат. 

«Мындан тышкары, өлкө суу жана минералдык ресурстарга бай, гидроэнергетикада дарамети жогору, калкы жаш. Ушунун баары алдыңкы санариптик технологияларга, индустриализация тажрыйбасына, билим берүүдө жана адам ресурстары жаатында чоң потенциалга ээ болгон Корея Республикасы менен кызматташууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү жаратат», — дейт дипломат.

Элчи Ким Квангдже Кыргыз Республикасы менен кызматташуунун келечектүү багыттарын белгиледи:

  • жогорку деңгээлдеги байланышты кармап туруу жана өкмөттөр аралык, парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо;
  • соода жана инвестицияны кеңейтүү, диверсификациялоо, ошондой эле ишканаларга эки өлкөнүн базарларына чыгууга көмөктөшүү;
  • гидроэнергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары, энергияны үнөмдөө жана минералдык чийки зат тармактарында өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү;
  • санариптик мамлекеттик башкаруу, саламаттыкты сактоо, айыл чарбасы, айыл аймактарын өнүктүрүү, курчап турган чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү чөйрөлөрүндө кызматташтыкты тереңдетүү;
  • билим берүү, корей тилин үйрөнүү, маданият, туризм, ошондой эле коопсуз, иреттүү жана туруктуу эмгек миграциясы аркылуу эл кызыкчылыгына багытталган кызматташтыкты чыңдоо.

KOICA — Корея менен Кыргызстандын ортосундагы көпүрө

KOICA — Корея Республикасынын кайтарымсыз жардам программаларын ишке ашыруу жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн 1991-жылы түзүлгөн уюм. Анын өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасында иш алып барат.

KOICAнын маалыматы боюнча, уюм түзүлгөндөн бери Кыргыз Республикасына жалпы суммасы 118,75 миллион доллар гранттык жардам көрсөткөн.

Баары болуп 13 долбоор ишке ашырылса, дагы 13ү боюнча азыр иш жүрүп жатат.

Бул жылдар аралыгында Кореядан келген 1 миң 642 ыктыярчы Кыргызстанда иштесе, 1 миң 203 кыргызстандык Кореяда билим алды.

KOICA Кыргызстанда ар кайсы багыттагы долбоорлорду ишке ашырууда. Кызматташтыктын негизги багыттары төмөнкүлөр:

  • санариптик мамлекеттик башкаруу;
  • айыл жерлерин инклюзивдүү жана туруктуу өнүктүрүү
  • коопсуз, дени сак жана экологиялык жактан таза коом.

KOICAнын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Лим Соен белгилегендей, KOICA долбоорлорду тандап жатканда бир тараптуу чечим кабыл албайт, кыргыз өкмөтүнүн расмий суроо-талаптарын жана өнүгүүнүн улуттук приоритеттерин эске алат.

KOICAнын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Лим Соен

Санариптештирүү долбоорлорунун арасынан «Түндүк» тутумун модернизациялоону, шайлоо процессин автоматташтырууну, Жогорку Кеңешти санариптештирүүнү атап өтүүгө болот. Мында электрондук өкмөт (e-government) боюнча дүйнөлүк лидер деп эсептелген Кореянын тажрыйбасы колдонулду.

«Албетте, KOICA «Түндүктү» ишке ашырды десек туура эмес болот. Кыргызстандагы санариптик трансформация — бул өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан улуттук саясат. Биз өкмөттүн суроо-талабы менен «Түндүктүн» айрым компоненттерин ишке ашырууга көмөктөштүк. Жарандар үчүн эң эле көрүнүктүүсү катары идентификациялык карталарды — ID-карталарын даярдоону атамакмын. Долбоордун алкагында биз документти чыгаруу системасын иштеп чыгууга көмөктөштүк. Электрондук чиби бар ID-карталардын биринчи үлгүлөрү Кореяда чыгарылган. Кыргызстандын өкмөтү санариптештирүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин көрүп турам, ошондуктан болочокто ушул жаатта дагы башка долбоорлор болот», — деп кошумчалады уюмдун КРдеги өкүлчүлүгүнүн башчысы.

Долбоорлорду ишке ашыруу баскычы менен катар эле долбоордон кийинки мезгилге да көңүл буруу керек. Лим Соендун айтымында, долбоорду ишке ашыруу жагына KOICA Кыргызстандын мамлекеттик мекемелери менен бирдикте көз салып турат. Алар өз баасын берип, долбоордун натыйжалуулугун көзөмөлдөшөт.

«Бир аз убакыт өткөн соң дагы бир баалоо жүргүзүп, долбоор андан ары ишке ашырылып жатабы, ал канчалык натыйжалуу болду деп текшеребиз. Ушул кезге чейин бардык долбоорлорубуз жакшы уланып келе жатат. Бактыга жараша, ишке ашыруу мөөнөтүнөн кийин долбоор токтоп калган кейстер жок. Ушул фактордон улам Кыргызстандын өкмөтү менен кызматташтыгыбыз бекемделүүдө, мындан ары да чогуу иштешүүгө даярбыз. Албетте, баары кынтыксыз эмес, кээде кемчиликтерди көрөбүз, бирок анчалык олуттуу эмес, аларды кошумча окутуу, сунуштар аркылуу оңдосо болот», — деди Лим Соен.

KOICAнын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы 2,5 жылдан бери өлкөдө иштеп, «Кыргыз Республикасындагы айылдарды өнүктүрүү боюнча комплекстүү долбоорго» жигердүү катышууда. Бул демилге он жылдан бери өлкөнүн түштүгүндө ишке ашырылып жатат.  

Лим Соен аймактагы жашоочулар жаңы көндүмдөрдү үйрөнүп, өз айылынын өнүгүшүнө катышып жатканын көрүп кубанат. Долбоор алкагында жергиликтүү тургундарга, айрыкча аялдарга керектүү инфраструктура түзүлүүдө. Бала бакчалар, көп багыттуу, анын ичинде, аялдар лидерлигин өнүктүрүү боюнча окуу борборлору ачылып, мектептердеги санитардык шарттар жакшырууда, окуучулардын тамак-ашынын сапаты жогорулап жатат.

KOICAнын ишмердүүлүгүнүн алкагында Кыргызстанга жыл сайын Кореядан ыктыярчылар келип, балдарга корей тилин үйрөтүшөт. CIAT стипендиялык программасынын алкагында КРдин мамлекеттик кызматкерлери Кореянын жогорку окуу жайларында окуп, квалификациясын жогорулатышып, кийин алган билимин өз өлкөсүндө колдонуп келишет.

Биздин уюм эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө чоң салымын кошуп жатат деп эсептейм. Мындан ары да долбоорлорубуз Кыргызстанга пайдалуу болушуна аракет кылабыз. 

Лим Соен

Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ким Квангдже KOICAнын ишмердүүлүгүнө токтолуп жатып, өнүгүү максатындагы кызматташтыктын мааниси инфраструктуралык объектилерди же жабдууларды берүү менен гана чектелбестен, институттарды, технологияларды жана адамдык потенциалды биргелешип өнүктүрүүдө жатканын белгилейт.

«Биз бир тараптуу жардам көрсөткөн донор эмес, өнүгүү тажрыйбасы менен бөлүшүп, чечимдерди биргелешип издеген өнөктөш болууга умтулабыз. Бул процессте калыптанган ишеним жана адамдардын ортосундагы байланыштар эки тараптуу мамилелердин эң туруктуу активдеринин бири болуп саналат», — деп белгиледи элчи.

Көп тараптуу өнөктөштүк жана саммит

2024-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Корея Республикасына расмий сапар менен барды. Анын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди «көп тараптуу өнөктөштүк» деңгээлине көтөрүштү.

Эки өлкө бир катар документтерге кол койду, сапардын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар учурда ишке ашырылууда. 2026-жылдын июнь айында климаттын өзгөрүшү боюнча Корея менен Кыргызстандын биргелешкен комитетинин жана Корея менен Кыргызстандын ортосундагы соода-инвестициялык кызматташтык боюнча комитетинин алгачкы отурумдары өттү.

EDCF (Экономикалык өнүгүү жана кызматташтык фонду) алкагында саламаттык сактоо жаатындагы инфраструктура, транспорт жана коомдук коопсуздук, анын ичинде айрым бир долбоорлор боюнча ТЭНдерди өткөрүү жана тийиштүү процедураларды ишке ашыруу боюнча кызматташтык жаатында иш алып барылып жатат.

Элчи белгилегендей, эки өлкөнүн өкмөттөрү макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн туруктуу негизде көзөмөлдөө үчүн өкмөт аралык ар кандай механизмдерди пайдаланат.

2026-жылдын 16-17-сентябрында Сеуалда «Борбор Азия — Корея Республикасы» алгачкы саммити өтөт. 

«Бул окуя тарыхый мааниге ээ, себеби Корея Республикасынын жана Борбор Азиядагы беш өлкөнүн мамлекет башчылары биринчи жолу чогулат. Саммит жогорку деңгээлдеги диалогго туруктуу мүнөз бере аларына, ошондой эле Корея менен Борбор Азиянын ортосундагы кызматташуунун азыркы механизмдерин министрлер деңгээлиндеги тармактык жолугушууларга системдүү түрдө байланыштырууга жол ачарына ишенебиз. Мындан сырткары саммиттин жыйынтыгында кызматташуунун жалпы жана узак мөөнөттүү багыттары, аларды андан ары ишке ашыруу механизмдери аныкталып, Борбор Азия өлкөлөрүнүн муктаждыктарын Корея Республикасынын технологиялары жана тажрыйбасы менен байланыштыра алчу долбоорлор такталса дейбиз», — дейт Ким Квангдже.

2025-жылы эки тараптуу сооданын көлөмү өстү. Негизги багыт — Кореядан автоунааларды экспорттоо.

Дипломат белгилегендей, 2026-жылы да кореялык өндүрүштөгү унааларга жана керектөө товарларына болгон суроо-талап оң фактор катары кала берет. Бирок башкы милдет соода көлөмүнүн көбөйтүү менен чектелбей, анын түзүмүн диверсификациялоо жана Кыргызстандан Кореяга экспортту кеңейтүүгө такалат.

Адам капиталы жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү

Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосундагы мамилелер өкмөттөр аралык деңгээлде гана эмес, жөнөкөй адамдардын ортосундагы баарлашуу, достук жана кызматташтыктын негизинде да курулууда.

Чет өлкөдө иштейм деген кыргызстандыктар үчүн Корея популярдуу багыттардын бирине айланып жатат. Эки өлкөнүн тиешелүү органдары кошумча кесиптик тесттерди жана атайын экзамендерди өткөрүү аркылуу жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн туристтеринин арасында да кызыгуу өсүүдө, бул эки республиканын ортосундагы ымаланын жакшырганын айгинелейт. Бишкек менен Сеулдун ортосунда түз аба каттамы ишке киргизилген.

Маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселесинде Ким Квангдже KOICAнын ыктыярчыларынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө көңүл бурду. 

«Алар мектептерде, университеттерде, жаштар уюмдарында жана жергиликтүү жамааттарда иштешет. Корей тили, билим берүү, спорт жана жаштарды өнүктүрүү сыяктуу багыттарда ар кандай долбоорлор ишке ашырылууда. Корея менен Кыргызстандын жарандары бири-биринин тилин, маданиятын өздөштүргөнү үчүн терең ишеним калыптанып жатат, муну мамлекеттер аралык дипломатия менен кура албайсың. Мындай өз ара алмашуу — дипломатиянын адамгерчиликтүү формасы, ал эки өлкөнү бириктирип, Корея менен Кыргызстандын карым-катнашынын келечегин кубаттайт», — деп белгиледи элчи. 

Ким Квангдже Бишкектин чегинен чыгып, жер-жерлерде элдин үнүн укканга аракет кылат. Ысык-Көл облусунан өзгөчө таасирленгенин айтат. 

Дипломат ошондой эле Кыргызстандын маданиятын ашканасы аркылуу жакшыраак өздөштүрүүгө аракет кылат.

«Кыргыз ашканасында мага меймандостук, конокко карата мамиле жагат. Жергиликтүү даамдардан каттама менен самсаны өзгөчө жакшы көрөм. Орто-Сай базарындагы самса — кыргыз тамак-ашынын ичинен сүйүп жеген даамдарымдын бири. Ошондой эле мага корей сабизи жагат, себеби бул тамак Борбор Азиядагы корейлердин тарыхы жана тагдыры менен тамырлаш. Бул тамак тууралуу канчалык көп билген сайын анын артындагы окуяларды, этникалык корейлердин жашоосун жана өтмүшүн ошончолук терең сезем. Мындан ары да жергиликтүү ашкананын ар кандай тамактары менен таанышууну улантсам дейм, анын арты менен Кыргыз Республикасындагы адамдарды жана маданиятты дагы да терең түшүнгүм келет», — деди дипломат.

Элчи Кыргызстан перспективдүү өнүгүүгө багыт алганына ишенет жана эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу жана ишенимдүү карым-катнаш ушул эле ыргакта уланарына үмүт артат. Анын айтымында, «Борбор Азия — Корея Республикасы» алгачкы саммити бул кызматташууга жаңы дем берет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18