Дарыгер кудай эмес. Нефрологго чыгарылган өкүм коомдо кандай таасир калтырды
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, адамдын ден соолугу 50 пайызы жашоо образына, 20 пайызы экологиялык факторлорго, 20 пайызы тукум куучулукка жана болгону 10 пайызы медициналык тейлөөгө көз каранды. Ошондуктан адамдын ден соолугу үчүн бардык жоопкерчиликти дарыгерге жүктөө туура эмес деген пикир айтылып келет.
Оор кырдаал
Бир нече күн мурун Бишкек шаардык соту нефролог Насира Бейшебаеваны үч жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарды. Ошондой эле ага үч жыл бою дарыгерлик иш менен алектенүүгө тыюу салынды. Мындан тышкары, дарыгер жабырлануучуга материалдык жана моралдык зыян үчүн 2 миллион сомдон ашык каражат төлөп берүүгө милдеттендирилди.
Бул чечим медициналык коомчулукту дүрбөлөңгө салып, социалдык тармактарда Насира Бейшебаеваны колдогон билдирүүлөр көбөйдү.
Медиктер дарыгерди кесиптик милдетин аткарганы үчүн түрмөгө камоо чечимине тынчсызданышууда.
Эске салсак, Насира Бейшебаева 2026-жылдын февралында кармалган. Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун нефрология бөлүмүндө дарыланган өспүрүм кыздын апасы медиктерди кызынын бутунан ажырап калышына себепкер болгон деп айыптаган.
Көз карандысыз медициналык профсоюздун төрайымы Бермет Барыктабасова кыздын абалы башынан эле оор болгонун айткан.
«Кызда тромбофилияга генетикалык жакындыгы аныкталган, ал COVID-19 менен ооруп чыккан. 2024-жылдын күзүндө ооруканага анасарка тибиндеги шишиктер жана нефротикалык синдром менен түшкөн. Бул өтө оор оору. Клиникалык көрүнүшү так эмес, белгилери түшүнүксүз жана дарылоого оңой баш ийбеген дарт. Ошондуктан Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун жана Улуттук госпиталдын жогорку деңгээлдеги мыкты адистери бир нече жолу консилиум өткөрүшкөн. Комплекстүү дарылоо дайындалган.
Бирок абалы начарлай баштагандан кийин дарыгерлер бутун кесип салуу зарылдыгы келип жатканын айтышкан. Кыздын апасы буга таптакыр макул болбой, экөө Түркияга учуп кетишкен. Ал жакта кыздын бутун баары бир кесишкен . Андан кийин апасы ар кандай органдарга арыздана баштаган, анткени үй-бүлөнүн чыгымы чындап эле көп болгон. Бирок бул үчүн дарыгерлер күнөөлүү дегенди билдирбейт», - деп түшүндүргөн ал.
Улуттук эне жана баланы коргоо борбору оор жана татаал абалдарда бардык мүмкүн болгон дарылоонун кесепеттерин алдын ала билүү мүмкүн эмес экенин белгилейт.
«Колдоочу» жана «каршы» пикирлер
Соттун чечими жарыялангандан кийин коомчулуктун пикири экиге бөлүндү. Айрымдар чыгарылган өкүм бардык дарыгерлер үчүн сабак болуп, аларга коюлган талаптарды күчөтүүгө өбөлгө түзөт деп эсептешет. Медиктер бейтапка кылдат мамиле жасап, дарылоону көзөмөлдөөгө көбүрөөк көңүл бурат деген пикир бар. Бул дарылоонун сапатын көзөмөлдөөнү жакшыртууга алып келиши мүмкүн.
Бирок башкалар мунун тескери жагы - «коргонуу медицинасы» пайда болушу мүмкүн экенин айтып жатышат.
Эч ким темир тордун артында калгысы келбейт. Демек, дарыгер бейтап үчүн кайсы чечим жакшы экенин гана эмес, ошол чечими кылмыш ишине себеп болуп калбайбы деп да ойлонушу мүмкүн. Мындай учурда оор абалдагы бейтаптарга дарыгерлер ашыкча этияттык менен мамиле жасап, кошумча текшерүүлөрдү көбүрөөк дайындашы, тобокелдүү медициналык кийлигишүүлөрдү кийинкиге жылдырышы же оор абалдагы бейтаптарды башка медициналык мекемелерге жөнөтүшү мүмкүн.
Акырында бейтапты бир мекемеден экинчисине жөнөтө берүү кайгылуу жыйынтыкка алып келиши ыктымал.
Бул өзгөчө реанимация, хирургия, онкология, нефрология, акушердик сыяктуу тармактарда маанилүү. Анткени бул багыттарда туура жүргүзүлгөн дарылоо деле дайыма жакшы жыйынтыкка алып келбейт.
Бул дарыгерлерге чыгарылган биринчи өкүм эмес
Былтыр июль айында Жогорку сот жеке стоматологияда үч жаштагы кыздын каза болушуна байланыштуу 3 дарыгерди эркинен ажыраткан. Анда 3 жаштагы баланын өлүмүнө анафилаксиялык шок себеп болгон. Тиш дарыгери жана анын күйөөсү, ошондой эле анестезиолог жалпы режимдеги түзөтүү колониясына жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, дарыгерлерге эки жыл бою медициналык иш менен алектенүүгө тыюу салынган.
Ошондой эле Ак-Суу райондук ооруканасында бейтаптын каза болушуна байланыштуу дарыгерлерге карата соттук териштирүү уланууда. Алар бейтаптын өлүмүнө байланыштуу айыпталууда.
Буга чейин да бейтаптар дарыгерлерди шалаакылыкка айыптап, өздөрүнүн пикири боюнча адилеттүү жаза, тактап айтканда, эркинен ажыратууну талап кылган башка учурлар да белгилүү.
Көз карандысыз медициналык профсоюздун өкүлдөрү сот отурумдарына көп катышат.
«Көп учурда утулуп калабыз, себеби, бейтаптар же алардын жакындары биз менен түз байланышууга даяр боло беришпейт. Психологдордун айтымында, мындай учурларда көпчүлүктө боор ооруу сезими күчөп кетет. Мындан улам, күнөөнү башка жактан издешет. Анан албетте, жөнөкөй дарыгерлерди күнөөлөшөт», - деди Бермет Барыктабасова 24.kg сайтына.
Анын айтымында, медициналык иштерде тараптардын далилдерине караганда, жабырлануучулардын кайгысына көбүрөөк көңүл бурулуп, эмоционалдык жагы эске алынат.
«Адвокаттар жана эксперттер маселенин клиникалык жагын түшүндүрүүгө аракет кылышат, анткени дээрлик бардык учурда бул өтө татаал клиникалык жагдайлар. Бирок соттор баары бир эмоцияга алдырышат», - деп эсептейт Көз карандысыз медициналык профсоюздун төрайымы.
Ал буга чейин өлүм менен аяктаган учурлар үчүн оорукананын жетекчилиги жана Саламаттык сактоо министрлиги жооп берсе, азыр жоопкерчилик бейтапты дарылоочу дарыгерге гана жүктөлүп жатканын эске салды.
«Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамда дарылоочу дарыгердин жоопкерчилиги жазылган. Бирок анда коопсуз эмгек шарттарын түзүү жана жумуш ордун тиешелүү жабдуулар менен камсыз кылуу үчүн ким жооп берет деген суроо туулат. Эгер жабдуулар, адистер же жогорку деңгээлде медициналык жардам көрсөтүү үчүн билим жетишсиз болсо, буга дарыгер күнөөлүү эмес», - деп баса белгиледи далилдүү медицина боюнча эксперт.
Чындыгында дарыгердин аракетине да, бейтапка да жоопкерчиликти система көтөрөт - анткени дарыгерди ушундай иштөөгө система үйрөткөн же таптакыр үйрөткөн эмес.
Бермет Барыктабасова
Азыр эксперттер негизги маселени көтөрүп жатышат: эгер ар бир оор кырдаал үчүн дарыгерлерди түрмөгө камай берсе, медиктер кесибинен кетип же оор учурларда бейтапты дарылоодон коркуп калышы мүмкүн.
Анын үстүнө дарыгерлерге объективдүү доомат коюлган учурлар да болгон. Эске салсак, бир кызга жаңылыштык менен соо төшү алынган. Дагы бир аял операция учурунда ич көңдөйүндө марли тампонун калтырып кеткен хирург менен соттошкон.
Анда эмне кылуу керек?
Бермет Барыктабасованын пикиринде, сотко жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде кайрылууга болот, бирок кылмыш ишинин алкагында эмес.
«Мисалы, Нидерланддар дарыгерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартуудан толугу менен баш тартышкан. Ал жакта көз карандысыз медициналык эксперттик орган бар. Ал кырдаалга кесиптик баа берет, ал эми мамлекет бейтаптарга компенсация төлөйт. Көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө компенсация төлөө үчүн ушундай мамлекеттик фонддор бар. Мындан тышкары, дарыгерлердин кесиптик жоопкерчилигин камсыздандыруу системасы иштейт - дарыгерди түрмөгө камашпайт (эгер ал атайылап скальпель менен жүрөккө сайбаса), бирок материалдык жактан жооп берет. Андан тышкары, ал жакта дарыгерлерди жакшы окутушат», - деди ал.
Коомчулукта медицинада коркуу маданияты эмес, жоопкерчилик маданияты болушу керек деген пикир айтылууда. Анткени ката кетирүүдөн корккон дарыгер бир күнү дарылоодон да коркуп калышы мүмкүн.
Ошондуктан бардык тараптардын укугун коргой турган жана баарына пайда алып келе турган реформа жүргүзүү керек деген чакырыктар айтылууда.