Түркиялык дарыгерлердин акысыз консультациялары Бишкекте 25-29-сентябрда өтөт
Бишкектеги Acıbadem кеңсесинде Түркиядан келген адистер гинекологиялык онкология, акушерлик жана гинекология, ошондой эле репродуктивдүү медицина боюнча акысыз бетме-бет консультацияларды өткөрүшөт.
Бейтаптар дарыгерлерге медициналык документтерин жана изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын көрсөтүп, диагнозду талкуулап, андан аркы диагностика жана дарылоо боюнча сунуштарды ала алышат.
25-сентябрь — профессор, медицина илимдеринин доктору Баки Эрдем
Гинекологиялык онкология боюнча адис. Аялдардын репродуктивдүү системасынын онкологиялык ооруларын диагностикалоо жана хирургиялык дарылоо, анын ичинде Da Vinci системасын колдонуу менен аз инвазивдүү жана роботтоштурулган операциялар менен алектенет.
Ошондой эле рак ооруларынын кеңири жайылган түрлөрүн дарылоонун заманбап ыкмаларын, анын ичинде HIPEC — ич көңдөйүнүн гипертермиялык химиотерапиясын колдонот.

Консультацияда коюлган диагнозду, изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын, операциянын зарылдыгын, дарылоо жолдорун талкуулап, экинчи медициналык пикирди алууга болот.
29-сентябрь — доцент Арзу Юрджи
Акушерлик, гинекология жана репродуктивдүү медицина боюнча адис.
Аялдардын репродуктивдүү ден соолугу, тукумсуздук жана көмөкчү репродуктивдүү технологиялар боюнча консультация берет. Негизги багыттарынын бири — ЭКО (IVF) жана ИКСИ (ICSI) программалары.

Консультацияда кош бойлуулуктун болбой жатышынын себептерин, изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын, мурунку дарылоолорду жана ЭКО аракеттерин, ошондой эле андан аркы тактиканы талкуулоого болот.
Кантип жазылуу керек?
Консультациялар акысыз, алдын ала жазылуу боюнча жүргүзүлөт. Орундардын саны чектелүү.
Телефон: +996 702 000 252, дареги: Бишкек шаары, Манасчы Сагынбай көчөсү, 101/1 (Эркиндик бульвары менен кесилиши), Acıbadem кеңсеси, 2026-жылдын 25-29-сентябры.
Жаныңызга медициналык документтерди, анализдерди, дарыгерлердин корутундуларын жана башка изилдөө жыйынтыктарын ала келүү сунушталат.