USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Түрк өлкөлөрүнүн муфтийлери жасалма интеллектти колдонуу боюнча фетва кабыл алды

14:05, 15 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Баку шаарында Түрк мамлекеттеринин Муфтийлер кеңешинин кезектеги VII жыйыны өтүп, анын жыйынтыгында Түркия, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын муфтийлери 3 биргелешкен билдирүүгө жана 6 фатвага кол коюшту. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдирди.

Кабыл алынган документтерде үй-бүлө институтун коргоо жана бекемдөө, исламдын илим жана технологияга болгон көз карашы, ошондой эле такфир маселеси камтылды.

Түрк мамлекеттеринин мүфтийлери 3 биргелешкен билдирүүгө жана 6 фатвага кол коюшту

Мындан тышкары, заманбап маселелерге байланыштуу фатвалар кабыл алынды. Алардын арасында зарыл болгон учурда бир жайга бир нече маркумду жерге берүү, айыл чарба жеринен үшүр төлөө, фатва берүүдө жасалма интеллектти колдонуу, жума намазынын шарттары, хижрий айдын башталышын аныктоо жана такфир маселелери бар.

Жыйындын жүрүшүндө диний-агартуу тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, заманбап маселелерге шариаттык чечимдерди биргелешип иштеп чыгуу жана түрк мусулман үммөтүнүн биримдигин бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18