USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кытайда кыргыз тарыхына арналган жаңы китеп жарык көрдү

13:44, 15 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

«Жянкүндөн бурутка чейин: кыргыздын байыркы тарыхы боюнча изилдөөлөр» аталыштагы жаңы илимий китеп Кытайда жарык көрдү. Бул тууралуу түзүүчүлөрүнүн бири, Кытай тарых изилдөө академиясынын башкы илимий кызматкери Сун Хао мырза өзүнүн социялдык баракчасында билдирди.

Китептин алгы сөзүндө мындай саптар камтылган:

Кытайдын байыркы тарыхый жазмаларында кыргыздардын ата-бабалары жөнүндө маалыматтар байма-бай кездешип, тарыхый доорлор бою үзгүлтүксүз жазылып келген.

«Шыжи» (Тарыхый жазуулар/китебинде алар «Гэкунь» , «Ханшуда» (Ханнаама «Жянкун» , «Жоушуда» (Жоунаама/ «Чигу» деп аталган. Таң доорундагы тарыхый булактарда «Жегу» , «Жянкүн» , «Хыгусы» , «Шяжясы» деген аталыштар колдонулган.

Ляо, Суң жана Жин доорлорунда «Шяжясы» , «Шяжясы» , «Хыличисы» , ал эми монгол-Юан доорунда «Жилижисы» , «Чиэржисы» деген аталыштар кездешет.

 Чиң доорундагы тарыхый архивдик материалдарда жана жазма булактарда Жуңгар монголдорунун аташы боюнча «Бурут» деген ат колдонулган.

«Бурут» аталышын эске албаганда, жогоруда аталган байыркы этнонимдердин бардыгы кыргыздардын өздөрүн атаган Qïrqïz (Kyrgyz) этнонимин ар кайсы тарыхый мезгилдерде кытай иероглифтери аркылуу тыбыштык жактан транскрипциялоонун натыйжасында пайда болгон. Ал эми бүгүнкү кытай тилинде колдонулган «Жиэржисы» аталышы орус тилиндеги аталыштын негизинде транслитерацияланып кирген жана азыркы учурда, негизинен, Борбордук Азиядагы кыргыз улутун атоо үчүн колдонулат.

Бүгүнкү күндө Кытайдагы кытай улуттарынын жалпы жамаатынын мүчөсү болгон кыргыздар да, Борбордук Азиядагы кыргыз улуту да байыркы Qïrqïz (Kyrgyz) көчмөн этностук тобунун татаал тарыхый эволюциясынын натыйжасында калыптанып, өнүгүп келген. Бул — Кытай менен Борбордук Азия элдеринин байыртадан бери өз ара тыгыз байланышта жана эриш-аркак жашап келген узак тарыхынын маанилүү күбөсү.

Аталышта элдин өзүн-өзү атоосун урматтоо, тарыхый салттарды эске алуу жана бүгүнкү реалдуу жагдайга таянуу принцибин жетекчиликке алып, биз Чин жана Хан доорлорундагы «Гэкунь» аталышынан тартып Чиң доорундагы «Бурут» аталышына чейинки эки миң жылдан ашуун мезгилдеги тарыхый этностук топторду жалпылап «кыргыздар » деген ат менен атайбыз.

Албетте, тарыхтын ар кайсы мезгилдеринде жашаган бул этностук топтордун ортосунда маданий жана тарыхый уланмалуулук болгону менен, алардын калкынын курамы жана коомдук-топтук түзүлүшү жагынан олуттуу айырмачылыктар да болгон. Ошондуктан алардын тарыхый келип чыгышын жана өнүгүшүн бир гана тарыхый генеалогиялык линия менен түшүндүрүп коюуга болбойт.

Кытайдын байыркы тарыхый жазмалары дүйнөдө кыргыздардын ата-бабалары тууралуу эң узак мезгил бою үзгүлтүксүз жана эң системалуу маалымат берген жазма булактар болуп саналат. Мунун өзү эле Кытайдын салттуу тарыхнаамасындагы төрт тараптагы элдер жана коңшу аймактар тууралуу маалыматтарды каттоо салтынын өкүлчүлүктүү маданий көрүнүштөрүнүн бири болуп эсептелет.

 Бул тарыхый булактарда, негизинен, байыркы Кытайдын борбордук династияларынын чек ара аймактарындагы көчмөн калктарды башкаруу тажрыйбасы, коңшу көчмөн саясий түзүлүштөр менен болгон мамилелеринин өнүгүшү, ошондой эле Талаа Жибек жолу аркылуу цивилизациялардын өз ара байланышын жана бири-бирин байытуусун илгерилеткен тарыхый процесстер баяндалат.

Ошол эле учурда бул маалыматтар кыргыздардын ата-бабаларынын Енисей дарыясынын алабында, Алтай тоолорунан Теңир-Тоого чейинки кеңири мейкиндикте көчүп-конуу, бөлүнүү, кайра топтошуу жана биригүү сыяктуу татаал тарыхый процесстерин да чагылдырат. Мындан тышкары, байыркы кыргыз этностук топторунун Талаа Жибек жолунун калыптанышына жана өнүгүшүнө катышуудагы, байыркы Кытай менен Борбордук Азия цивилизацияларынын ортосундагы карым-катнашты, өз ара таанууну жана бири-бирин байытууну өнүктүрүүдөгү тарыхый салымы да айкын көрүнөт.

Ушуга байланыштуу, бул китеп этностук тарыхтын алкагында кандайдыр бир «бирдиктүү улуттун» келип чыгышынан тартып бүгүнкү күнгө чейинки жалпы тарыхын баяндоону максат кылбайт. Ошондой эле белгилүү бир тарыхый этностук жалпылыктын бир нече доорду камтыган үзгүлтүксүз өнүгүү жолун толук калыбына келтирүү да бул эмгектин негизги максаты эмес.

Тескерисинче, бул китеп Кытайдын мыкты салттуу маданиятынын позициясынан чыгып, тиешелүү кытай тилдүү тарыхый булактардын маанилүү баалуулугун көрсөтүүгө багытталган. Кытайдын байыркы тарыхый документтерин жыйноо, иретке келтирүү жана топтоо негизинде салттуу текстологиялык жана тарыхый булактарды салыштырып изилдөө ыкмалары колдонулуп, байыркы кытай тарыхнаамасынын көз карашындагы кыргыздардын ата-бабаларынын тарыхый бейнесин ачып берүү көздөлөт.

Биздин бул аракеттерибиздин жана аткарган иштерибиздин түпкү максаты — окурманга төмөнкүдөй ойду жеткирүү: Кытайдын салттуу тарыхый жазма мурастарында Кытай менен Кыргызстандын элдерине орток болгон тарыхый эс-тутум сакталып калган. Ушул маанилүү маданий мурастарды системалуу түрдө иретке келтирүү, изилдөө жана чечмелөө Кытай—Кыргызстан тагдырлаш коомчулугун курууну илгерилетүүдө, эки өлкөнүн ортосундагы гуманитардык байланыштарды тереңдетүүдө, элдердин бири-бирин жакшыраак таанып-билүүсүнө жана өз ара түшүнүшүүсүнө өбөлгө түзүүдө маанилүү мааниге ээ.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18