USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстанда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

12:45, 15 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Сейсмологдор бүгүн, 15-сентябрда Кыргызстанда силкинүү күчү 3 баллга жеткен жер титирөөнү катташты.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер алдындагы силкинүүлөр эртең менен саат 7:55те катталган. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан аймагында: Шоро-Башат айылынан түштүк-батышка карай 10 чакырым, Шералы айылынан түндүк-батышка карай 8 чакырым, Манас шаарынан түштүк-чыгышка карай 21 чакырым жана Ош шаарынан түндүк-чыгышка карай 45 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Шоро-Башат айылында болжол менен 2,5 баллды түздү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18