Быйыл Кыргызстанда жүздөн ашык билим берүү объектиси пайдаланууга берилди
Кыргызстанда 2026-жылы 100дөн ашык билим берүү объектиси пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 11-сентябрында Талас облусунда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда онлайн-форматта өлкө боюнча 100 социалдык объект пайдаланууга берилген. Алардын катарында 34 мектеп жана 28 бала бакча бар.
Муну менен катар, жылдын аягына чейин дагы 58 билим берүү объектисин пайдаланууга берүү каралган. Алардын 56сы — жаңы курулуш объектилери, анын ичинде 49 мектеп жана жети бала бакча. Ошондой эле капиталдык оңдоодон кийин эки мектепти пайдаланууга берүү пландалууда.
Буга чейин өлкөдө 100гө чукул авариялык абалда турган мектеп калганы кабарланган.