USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Ошто карыган кишинин батиринен эки унаа таштанды чыгарылды

10:49, 15 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Ош шаарындагы Чкалов көчөсү 34 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү тургундардын бири таштандыга толтуруп салган батир тазаланды. Батирден чыккан жагымсыз жытка жергиликтүү тургундар даттанышкан.

Ош мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери «Тазалык» ишканасынын жумушчулары менен биргеликте жерине барып, тазалоо иштерин жүргүзүштү. Батирден эки машина таштанды чыгарылды.

Мэрия жарыялаган видеодон батирдин ичинде катыган өткөн нан, пластик жана башка калдыктар жыйналып турганын көрүүгө болот. Батирдин ээси менен муниципалдык инспекциянын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18