Ош шаарында жаңы базар үчүн жер ээлери кенемте тилкелерин алышты
Ош шаарында 2024-жылы мамлекеттик муктаждык үчүн жер тилкесин берген жарандарга «кызыл китептер» тапшырылды.
Мэриянын маалыматы боюнча, жер ээлери мамлекеттик муктаждыктар үчүн айыл чарба багытындагы жерлерин өткөрүп беришкен. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында аларга мурда өткөрүлүп берилген аймактын 10 пайызы өлчөмүндөгү жер тилкелерин жеке менчикке берүү чечими кабыл алынган.
Бул үчүн үч гектардан ашык жер коммерциялык багыттагы жерлердин категориясына которулган. 61 жер ээсинин ар бири 100 чарчы метрден жер алышкан.