USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бүгүн өлкөбүздө 147 миңге жакын бала мектеп босогосун алгачкы жолу аттады

10:05, 15 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн өлкөбүздүн мектептери 1,5 миллион окуучуга эшигин ачты. Алардын ичинен 147 миңге жакын бала мектеп босогосун алгачкы жолу аттады. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда  1-класска 146 миң 852 окуучу кабыл алынды. Өлкө боюнча жалпы билим берүү уюмдарында 97 миңге жакын мугалим эмгектенет.

12 жылдык билим берүүгө этап-этабы менен өтүүнүн экинчи этабында 1, 2, 3, 5, 7 жана 8-класстар жаңы билим берүү системасына өттү. Ал эми 4, 9, 10 жана 11-класстардын окуучулары 11 жылдык мектептик билим берүү системасы боюнча окуусун улантышат.

Учурда республика боюнча 2374 мектеп иштейт. Алардын 2132си мамлекеттик, 242си жеке менчик мектептер.

Ошондой эле өлкөдө 94 кесиптик лицей иш алып барат. Жаңы окуу жылына карата кесиптик лицейлерге электрондук система аркылуу 17 миң 307 окуучу кабыл алынды.

2026-жылдын 11-сентябрында Талас облусунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун катышуусунда өлкө боюнча 100 социалдык объект онлайн форматта пайдаланууга берилди. Алардын арасында 34 мектеп жана 28 бала бакча бар.

Мындан тышкары, жыл аягына чейин дагы 58 билим берүү объектисин пайдаланууга берүү каралган. Анын ичинен 56сы жаңы курулуш объектиси — 49 мектеп жана 7 бала бакча. Ошондой эле капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн 2 мектепти пайдаланууга берүү пландалууда.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18