Бишкекте казак медицина күндөрү: Планда операциялар жана мастер-класстар бар
15-сентябрдан 18-сентябрга чейин Бишкекте Кыргызстандагы Казак медицинасынын күндөрү өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Ведомствонун маалыматы боюнча, эки республиканын медициналык адистеринин ортосунда тажрыйба алмашууга жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган масштабдуу кесиптик программа каралган.
Иш-чараларга Казакстандын алдыңкы медициналык уюмдарынын жана жогорку окуу жайларынын адистери катышат. Төрт күн бою Улуттук кардиология жана терапия борборунун, Улуттук энелик жана балдарды коргоо борборунун, Тез жардам клиникалык ооруканасынын, Улуттук онкология жана гематология борборунун, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жана башка мекемелердин аянтчаларында лекциялар, илимий-практикалык конференциялар, мастер-класстар, клиникалык талкуулар, бейтаптарга консультация берүү жана биргелешкен операциялар өткөрүлөт.
Программа кеңири багыттарды — кардиология жана кардиохирургияны, онкологияны, педиатрияны, балдар хирургиясы менен ортопедиясын, нейрохирургияны, акушерлик жана гинекологияны, медициналык генетиканы, реабилитацияны, лабораториялык диагностиканы жана саламаттыкты сактоону санариптештирүүнү камтыйт.
Өзгөчө көңүл тажрыйбаны практикалык алмашууга бурулат. Программанын алкагында дарылоонун заманбап ыкмалары, анын ичинде татаал кардиохирургиялык жана интервенциялык кийлигишүүлөр боюнча көрсөтмөлүү операциялар жана мастер-класстар каралган.
Үчүнчү блокто медициналык билим берүүнү жана санариптик технологияларды биргелешип өнүктүрүүгө көңүл бурулат. Адистер телемедицинаны, саламаттыкты сактоо тутумун санариптештирүүнү, кадрдык ресурстарды башкарууну, медициналык адистерди даярдоонун заманбап ыкмаларын, ошондой эле биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу жана эксперттер менен алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат.
Мындан тышкары, 15-сентябрдан 17-сентябрга чейин Кыргызстандын чек арага жакын аймактарында Казакстандан келген тар адистердин катышуусунда эки мобилдик медициналык клиника иштейт. Медициналык жардам Аламүдүн районунун Васильевка айылындагы жана Ысык-Ата районунун Хунчи айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда уюштурулат.