USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Бүгүн Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталды. Алгачкы сабактын темалары

08:05, 15 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын билим берүү уюмдарында жаңы 2026/2027-окуу жылы башталды. Бүгүн, 15-сентябрда, мектептерде Биринчи коңгуроо кагылат — салтанаттуу линейкалар саат 9.00дө башталат.

Агартуу министрлиги «24.kg» басылмасына биринчи сабактардын темаларын билдирди:

  • 1—2-класстар үчүн: «Менин мекеним — Кыргызстан»;
  • 3—4-класстар үчүн: «Менин мекеним — Кыргызстан: эгемендүүлүккө 35 жыл!»;
  • 5 жана 7-класстар үчүн: «Өткөндү бил — бүгүнкүнү баала — келечекти кур!»;
  • 8—9-класстар үчүн: «Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы: келечекте Кыргызстан кандай болот?»;
  • 10—11-класстар үчүн: «Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы: менин тандоом — Кыргызстандын келечеги».

Белгилей кетсек, 12 жылдык билим берүүгө этап-этабы менен өтүүгө байланыштуу быйыл алтынчы класстар болбойт. Бешинчи класстын окуучулары 12 жылдык мектептин дароо 7-классына секирип өтүшөт. Бул жетинчи класстын окуучуларынын көбөйүшүнө алып келет.

Үстүбүздөгү жылы 12 жылдык билим берүүгө 1, 2, 5 жана 7-класстын окуучулары өтүшкөн. Быйыл жаңы окуу программалары жана окуу-методикалык комплекстери боюнча 3 жана 8-класстын окуучулары окуй башташат.

Республикада 2,4 миңге чукул мектеп иштейт, алардын ичинен 200дөн ашыгы жеке менчик. Аларда 1 миллион 586 миңден ашык окуучу билим алууда.

Биринчи жолу партага 146 миңден ашуун биринчи класстын окуучусу отурат.

Мектептик билим берүү системасында 90 миңден ашык мугалим эмгектенет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18