USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Президент Садыр Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

14:06, 14 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров Корея Республикасынын президенти Ли Чжэ Мёнун чакыруусу менен 15-сентябрдан 18-сентябрга чейин Корея Республикасына расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдирди.

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров жыйынтыгы боюнча Сеул декларациясын кабыл алуу мерчемделген «Борбордук Азия — Корея» биринчи саммитине катышат.

Мамлекет башчысы ошондой эле Кореянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү. Сапардын жыйынтыгында экономикалык, инвестициялык, бажы жана башка тармактарда эки тараптуу документтер топтомун кабыл алуу пландалууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18