USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

Кыргызстанда орточо айлык акы 54 миң 864 сомго жетти

15:38, 14 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

Июль айына салыштырмалуу Кыргызстанда орточо айлык акы 2,05 пайызга өскөн

2026-жылдын январь—июль айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда орточо айлык акы (маалыматтар бир ай кечигүү менен берилет) 54 миң 864 сомго жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз жыйынында айтылды.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын июль айында (2025-жылдын июлуна салыштырмалуу) экономикалык ишмердүүлүктүн бардык түрлөрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда орточо айлык номиналдык эсептелген эмгек акы 28,5 пайызга өскөн.

Жети айдагы 11,5 пайыздык жылдык инфляцияны эске алганда, анын реалдуу өсүшү болжол менен 17 пайызды түздү. Андан сырткары, бардык салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эске алганда, колго тийген сумма азыраак болот.

 Эске салсак, июнь айында орточо айлык акы 53 миң 759 сомду түзгөн. Расмий маалыматтар боюнча, бир айлык өсүш 2,05 пайызды түздү.

2026-жылдын июль айынын жыйынтыгы боюнча айлык акы төмөнкү тармактарда кыйла байкалаарлык өстү:

  • искусство, көңүл ачуу жана эс алуу — 1,5 эсеге;
  • саламаттыкты сактоо жана калкка социалдык кызмат көрсөтүү — 46,6 пайызга;
  • билим берүү — 43,3 пайызга;
  • кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк — 35,2 пайызга;
  • айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоо — 32,9 пайызга;
  • суу менен камсыздоо, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана экинчи даражадагы сырьёну алуу — 29,6 пайызга.

Ушул жылдын январь—август айларынын жыйынтыгы боюнча республикада расмий катталган жумушсуздардын саны 37 миң адамды түздү. Бул 2025-жылга салыштырмалуу 16,3 пайызга аз.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18