USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Быйыл Кыргызстандын ИДПсы дээрлик 1,4 триллион сомго жетти

15:27, 14 сентября 2026, Бишкек - 24.kg

2026-жылдын январь-август айларынын жыйынтыгы боюнча Ички дүң продукттун (ИДП) көлөмү алдын ала баалоо боюнча 1 триллион 396 миллиард 798,8 миллион сомду түздү. 2025-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу ал 11 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Бир ай ичинде ИДПнын өсүшү бир аз басаңдады — ушул жылдын июль айынын жыйынтыгы боюнча ал 11,1 пайызды түзгөн болчу.

ИДПнын жалпы көлөмүндө кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн үлүшү 49,2 пайыздан ашыкты, товар өндүрүү тармактары — 34,7 пайызды, ал эми продукцияга болгон таза салыктар — 16,1 пайызды түздү.

Өнөр жайда кайсы тармактар өсүш боюнча алдыда

Сегиз айда өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмү 600 миллиард 832,1 миллион сомду түздү.

Өткөн жылдын январь-август айларына салыштырмалуу өнөр жайдын 8,8 пайызга өсүшүн камсыз кылган негизги тармактар болуп төмөнкүлөр саналды:

  • химиялык продукцияларды өндүрүү — 2,3 эсеге;
  • тазаланган мунай продуктыларын өндүрүү — 1,8 эсеге;
  • транспорт каражаттарын өндүрүү — 46,8 пайызга;
  • жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык ишмердүүлүктүн продукцияларын өндүрүү — 44,7 пайызга;
  • курулуш материалдарын өндүрүү — 33,4 пайызга.

Соңку бир ай ичинде өндүрүш көлөмүнүн өсүшү боюнча алдыңкы бештик өзгөргөн жок.

Баалар боюнча абал кандай?

Январь-июль айларында керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү (2025-жылдын декабрына салыштырмалуу) 7,6 пайызды түзүп, бир айда 0,9 пайызга жогорулады. Жылдык туюндурмада инфляция 12 пайызга жетип, ылдамдашын улантууда.

2026-жылдын башынан бери баалардын өсүшү бардык негизги позициялар боюнча катталды. Алсак, төмөнкүлөр кымбаттады:

  • калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтер — 11,4 пайызга;
  • алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары — 7,7 пайызга;
  • тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар — 6,4 пайызга;
  • азык-түлүк эмес товарлар — 6,1 пайызга.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18