Бакытбек Сыдыгалиев Ош облусунун прокурору болуп дайындалды
Бакытбек Сыдыгалиев Ош облусунун прокурору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Мурда Бакытбек Сыдыгалиев Ош шаарынын прокуратурасын жетектеп келген.

Жаңы прокурорду облустагы мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилерине президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев тааныштырды.
Бакытбек Сыдыгалиев 1978-жылдын 14-апрелинде Нарын шаарында туулган. 2009-жылы Кыргыз улуттук университетин «юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган. Прокуратура органдарында 2010-жылдан бери иштейт. Бул аралыкта түрдүү райондордо жана шаарларда прокурор, прокурордун орун басары кызматтарын аркалаган.